Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Окуучунун өлүмүнө мектеп рэкетчилиги себеп болгонбу?


Кыргызстанда мектептеги чоң муштумдун айынан буга чейин да каза тапкан окуучулар болгон. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Кыргызстанда мектептеги чоң муштумдун айынан буга чейин да каза тапкан окуучулар болгон. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Сузакта жогорку класстардын үч окуучусу адам өлүмүнө шектүү катары бир айга камакка алынды. Буга Соку-Таш айылындагы №14 мектептин 9-классынын окуучусу Нурболот Садыбакасовдун ооруканада көз жумушу себеп болду.

Райондук милиция азыр окуучу бир ай мурда катуу таяк жегендин кесепетинен мерт болушу мүмкүн деген божомолду териштирип жатат.

2000-жылы туулган Нурболот Садыбакасовдун сөөгү 22-ноябрда жерге берилди. Аны жогорку класстарда окуган балдар 26-октябрдын түнүндө сабашканын ал өлөр алдында атасы Сүйүнбай Алдосовго айтып берген экен. Бул тууралуу кабыргасы кайышып турган атасы көзүнө жаш тегеренип буларды билдирди:

- Менин уулум менен бирге 10 баланы 10-класстын окуучулары түн ичинде кошуна айылга башка балдар менен тааныштырабыз деп чакырышкан. Алар айтылган жерге барган учурда беш бала тизип алып, четинен уруп киришет. Анан менин баламды жалгыз алып кетишип, баары токмоктошкон. Электрошокер менен да урушкан экен. Анан ооруканага жатып, ошол жерде операциядан кийин уулум каза болду. Балам окуя тууралуу каза болоорго үч күн калганда айтып жатпайбы.

9-класстын окуучусу Нурболот балдар сабаганын буга чейин эч кимге айткан эмес. Ооруканага аны ата-энеси 15-ноябрда гана жаткырышкан.

Өспүрүмдүн өлүмүнө байланышкан кылмыш ишти учурда Сузак райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат. Анын негизинде 10-11-класстардын үч окуучусу камакка алынды. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кылмышка шектелген башка окуучулар да камакка алынышы ыктымал:

- Сузак райондук соту кечээ күнү үч окуучуну бир айга камоо боюнча чечим чыгарды. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси, тактап айтканда “денеге оор залал келтирүү, адам өлүмүнө алып келүү” боюнча кылмыш иши козголду. Азыр тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын негизинде дагы башка окуучулар кармалышы мүмкүн.

Айылдыктар мектеп рекетчилиги ушундай кайгылуу окуяга алып келди деп жатышат. Жогорку класстар арасында кичүү класстарга салык салмай адаты бар экендигин каза болгон Нурболоттун классташтары да ачыкташты. 9-класстын окуучусу Чыңгыз Талайбек уулу окуяны төмөнкүчө айтып берди.

- Ал күнү кечинде биз 10 бала болуп, 10-класстын балдары чакырганынан улам кошуна Алмалуу айылына барганбыз. Алар бизди бой-бойубузга карата тизип алып урушкан. Ага чейин жолдон 11-класстагы Мириш деген бала тосуп, адырга алып чыгып, 10-класстын балдарына эмнеге кошуласыңар деп, ал дагы ур-тепкиге алган. Мектепте чоң класстарда салык салмай деген адат бар бизде. Мурда 11-класстар 10-класска 500 сом салган.

Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Камакка алынган жогорку класстын окуучуларынын биринин апасы Махамат Энназарова окуяга тиешеси барлар кармалбай, күнөөсү жок балам айыпкер болууда деп, милициянын үстүнөн прокуратурага арызданарын айтат:

- Мен өзүм Баатыр энемин, атабыз мугалим. Балдарым жакшы окуп, мектепте да жакшы жүргөн. Ал жерде алты бала урган, менин балам жок болчу. Алардын экөө гана кармалып, калганы боштондукта жүрөт. Аталары акчалуу экен, балдарын чыгарып алышыптыр. Милиция туура эмес тергөө жүргүзүп жатат, ошондуктан мен эртең булардын үстүнөн прокуратурага арыз жазам. Негизги күнөөкөрлөр кармалсын да.

Нурболотко карата азыр улак оюнунан жыгылып, ошонун айынан мерт болду деген экинчи божомол да айтылууда. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбеков булардын баары тергөөнүн жыйынтыгында дайын болот дейт:

- Тергөө амалдары көрсөткөндөй, 26-октябрда ур-токмокко алынса, эртеси күнү эле ал бала футбол ойноп, дискотекага барып, анан 9-ноябрь күнү көк бөрү ойноп, бутун кокустатып алыптыр. 16-ноябрда гана ооруканага жаткырып жатышат. Балким улактан да жыгылып жаракат алышы мүмкүн. Тергөөчүлөр экспертизага беришкен, анын жыйынтыгы менен белгилүү болот.

Бишкектеги мектептердин биринин спорт аянтчасы
Бишкектеги мектептердин биринин спорт аянтчасы

Окуучулары чуулгандуу окуяга кирептер болуп жаткан Сокуташтагы №14 Калдарбек Абдраманов атындагы жалпы билим берүүчү мектепте 230 окуучу билим алат. Мугалимдердин айтымында, мектеп директору Гүлсана Абдыматова окуядан соң кан басымы жогорулап, райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жатып калды. Директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Гулбарчын Беккулова кылмыш ишине мектептин тиешеси жок деп ишендирди:

- Окуя мектептеги сабак учурунда катталса, мугалимдер жоопкерчилик алат эле. Бул окуя түндө болуп жатпайбы. Ата-энелер балдарын кечкисин сыртка чыгарбай көзөмөлгө алыш керек болчу. Баары жакшы окуган балдар. Окуучулар жана ата-энелер менен биз жолугушууларды өткөрүп турабыз. Анан мындай болушун билген жокпуз.

Сузак районунда 104 мектеп бар. Алардын 20сында гана окуучулар менен милициянын инспекторлору иш алып барышат. Райондук милиция жетекчилиги өспүрүмдөр менен иш алып баруудагы ушундай тартыштык да өкүнүчтүү окуяларды алдын алууга кедергисин тийгизип жатат дейт. Кыргызстанда мектептеги чоң муштумдун айынан буга чейин да каза тапкан окуучулар болгон.

XS
SM
MD
LG