Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Быйыл Кыргызстандын 92 жараны кулчулуктан куткарылды


Оштогу Эл аралык миграция уюму 2014-жылдын алты айында эле адам сатуунун айынан кулчулук курмандыгы болгон 92 адамды куткарып, аларга ар кандай жардамдар берилгенин жарыялады. Уюмдун маалыматына караганда, кыргызстандыктар үчүн кулчулук тузагы болуп Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб эмираттары жана Кыргызстан өзү эсептелет. Анткени акыркы аныкталган 92 адамдын 69у орусиядан, 18и Казакстандан, экөө Түркиядан дагы үчөө Кыргызстандын өзүнөн табылган. Бул уюмдун акыркы 12 жылдык отчетуна үӊүлсөк, 814 адам Казакстандан, 516 адам Орусиядан, 131 адам Туркиядан, 76 адам Бириккен Араб эмираттарынан алынып келинген.

Эл аралык миграция уюмунун отчетуна караганда, кулчулукка кабылгандардын саны жыныстык жактан көп деле айырмаланбайт. Маселен акыркы 12 жылда аныкталган маалымат боюнча кулчулук курмандыгы болгон Кыргызстандыктардын 900 эркектер болсо, 854 аялдар болуп чыккан. Анын ичинен 18 жашка чейинкилери 66 баланы түзгөн. Жалпы маалымат боюнча алганда эмгек кулчулугуна кабылгандар көпчүлүктү түзөт. Андан бир азыраагын сексуалдык кулчулукка кабылгандар толуктайт. (YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG