Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Ошто кошунасын өлтүрдү деген шек менен 9-класстын окуучусу кармалды


Ошто улгайган кемпирдин киши колдуу өлүмүнө шектелип, маркумдун 9-класста окуган кошунасы кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматка караганда милицияга кошунасынын көптөн бери көрүнбөй калганын, анын үйүнөн жагымсыз жыт чыгып жатканы тууралуу арыз түшкөн. Арызды текшерүү учурунда жоголду деп шектелип жаткан 87 жаштагы Бучерникова Нинанын кыйнап өлтүрүлгөн денеси өз үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн табылган. Иликтөөлөрдөн кийин кылмышка шектелип, Бучерникованын кошунасынын 9-класста окуган уулу кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, жалгыз жашаган Бучерникова кошунасынын үйүнө конокко көп киргени анын өлүмүнө себеп болгон.(YI)

XS
SM
MD
LG