Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:21

Экотехинспекциядагы коррупциялык тобокелчиликтер аныкталды


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Коргоо кеңешинин алдындагы жумушчу топтун жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядагы паракорчулукка каршы күрөштүн жүрүшү талкууланды. Бул органда 42 коррупциялык тобокелчилик аныкталган. Инспекциянын жетекчилигине аталган коркунучтарга каршы күрөшүү тапшырмасы берилди.

Мекеме жарандардын жашоо сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү тармактарда көзөмөл жүргүзөт жана уруксат кагаздарын берет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG