Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Көп кабат үйдөн кулаган куруучу келишимсиз иштеп жаткан


Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабат үйдөн кулап кетип каза тапкан 16 жаштагы Жаныш Мамбетакун уулунун өлүмү иликтенүүдө. Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, ишти Ленин райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгачкы териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, каза тапкан өспүрүм бул курулушта эч кандай келишим түзбөй эле иштеп жүргөнү аныкталды. Тиешелүү маалымат топтолуп, прокуратурага жиберилди. Эми прокуратура муну иликтеп, кылмыш ишин козгошу мүмкүн.

Кырсык 24-ноябрда Москва көчөсүндө курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн биринде болгон. 8-кабаттан кулап түшкөн адам ооруканага жетпей каза тапкан. Ал үйдү “Экспо-Строй” компаниясы куруп жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG