Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Баш прокурор депутат Осмоналиевге карата кылмыш иш козгоду


Башкы прокуратура бүгүн Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иш козгоду. Ал Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 абитуриентти өткөрүү үчүн былтыр август айында ортомчулар аркылуу айрым ата-энелерден 14 миң доллар алган деп шектелүүдө.

Быйыл май айында Улуттук коопсуздук кызматы Славян университетинин медицина факультетине 2013-жылы 24 абитуриент мыйзамсыз кабыл алынган деген шек менен Билим, илим министрлигинин жана аталган окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козгогон. Териштирүү учурунда бул ишке депутат Осмоналиевдин кайрылуу каты түрткү болгону аныкталгандан кийин тергөө Башкы прокуратурага өткөн.

Депутат Осмоналиев өзү бул боюнча пикирин билдирип, ага карата кылмыш иш козгоого негиз жок экенин айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG