Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Улуттук банк быйыл 390 миллион доллар интервенциялады


Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн жыл башынан бери валюта базарында 39 жолу интервенция жасады. Анын жыйынтыгында 390 миллион доллар чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында аталган банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. Мындай жол менен сомдун курсун туруктуу кармоо аракети көрүлүүдө. Мындан улам Жеңиш сомдун курсу түшүп кетет деп чочулоого негиз жок экенин айтууда.

Учурда Кыргызстандын акча-алтын корунун көлөмү 2 миллиард 20 миллион долларды түзөт. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG