Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

БУУ: “Ислам мамлекети” кундан 35-45 миллион доллар чогултту


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал уюм адамдарды барымтага алып, алар үчүн кун катары чогулткан каражаты соңку жылы 35-45 миллион долларды түздү. Бул тууралуу дүйшөмбүдө БУУнун Коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы күрөшүү жыйынында “ал-Каида” террорчул уюму боюнча эксперт Йотсна Лалжи билдирди.

Анын айтымында, 2004-2012-жылдары террорчул уюмдар барымтадагылардан кун алуу менен 120 миллион доллар чогултушкан.

Лалжи белгилегендей, адамдарды уурдоо менен акча жыйноо “ал- Каиданын” жана аны менен байланыштуу радикал топтордун негизги каражат табуу булагы болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG