Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Фергюсондогу түнкү тополоңдун отуздай катышуучусу кармалды


25-ноябрга караган түнү АКШнын Фергюсон шаарында полиция менен демонстранттар кагылышып, полиция тарапка ок атылды. Жергиликтүү тартип коргоо бөлүмүнүн башчысы Жон Белмар журналисттерге курмандыктар жок экенин жана отуз чамалуу адам камакка алынганын билдирди.

Массалык башаламандыктын чыгышына август айында күч кызматкерлери атып өлтүргөн ынды кара өспүрүмдүн иши боюнча чыккан Чоң калыс топтун чечими түрткү болду. Ал топтун мүчөлөрү дүйшөмбү кечинде полиция кызматкери Даррен Уилсти айыптоого негиз жок экенин жарыялаган. Бул тууралуу процесстен кийинки маалымат жыйында прокурор Роберт МакКаало билдирди. Анын айтымында Чоң калыс топтун мүчөлөрү полиция кызматкери коргонуу максатында ок чыгарган деп чечишкен.

Прокурордун сөзүнөн кийин шаарда дароо толкундоолор башталды. Нааразылыкка чыккандар имараттарды, унааларды өрттөп, дүкөндөргө кол салышты. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Нью-Йорк, Чикаго, Сиэтл, Лос-Анжелес, Вашингтон жана башка шаарларда да бул түнү сот чечимине каршы акциялар өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG