Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Назарбаев менен Каримов Астанада жолугушту


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушуудан кийин эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты дагы өнүктүрүү керектигин билдирди.

Назарбаев “дүйнөлүк экономикадагы жагымсыз тенденцияларга карабай” эки өлкө ортосундагы товар айлантуу көбөйүп жатканын, ошентсе да Астана менен Ташкент экономикалык потенциалды толугу менен колдонбой жатканын белгиледи.

Казак президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Ислам Каримов жана Нурсултан Назарбаев аймактагы экстремизмге каршы күрөшүү маселелерин жана Украина, Ооганстан, Сирия, Ирактагы окуяларды талкуулашты.

Ислам Каримовдун Казакстанга болгон расмий сапары бүгүн эле аяктайт.

XS
SM
MD
LG