Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Орусиялык ЛГБТ активист Германиядан башпаанек сурады


Санкт-Петербургдагы “100 ТВ” телеканалынын журналисти Артур Ахметгалиев Германия бийлигине саясый баш калка сурап кайрылды.

Ал өз репортаждарында Орусиядагы ЛГБТ коомчулугунун укуктары басмырланып жатканын байма-бай чагылдырып келген. Мындан улам ага телефон аркылуу ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр түшүп баштаган.

Жакында ал өз берүүсүндө петербургдук депутат Виталий Милонов менен орус президенти Владимир Путинди өлкөдөгү гомофобияны коргоо үчүн айыптаган соң ага басмырлоо күчөгөнүн айткан.

Учурда Ахметгалиев Германияда качкындар лагеринде расмий Берлиндин чечимин күтүүдө.

XS
SM
MD
LG