Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Франция Орусияга “Мистраль” аскер кемесин бербей турууну чечти


Бул Чыгыш Украиандагы окуяларга байланыштуу кабыл алынганыЕлисей сарайынын шейшембидеги кыскача билдирүүсүндө айтылды.

Орусиянын коргоо министрлиги азырынча буга нааразылык жоктугун билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты. Бирок мурдараак Орусия эгер Франция тик учак алып жүрүүчү кемени ноябрдын аягына чейин бербесе, олуттуу кесепеттери болорун эскерткени тууралуу маалыматтар чыккан.

Франция менен Орусия аскерий 4 кеме сатуу жөнүндө келишимге 2011-жылдын башында жетишкен. Келишимдин суммасы 1 млрд. 600 млн. долларды түзөт. Associated Press белгилегендей, бул НАТОго мүчө өлкө тарабынан Орусияга аскердик техника сатылган эң ири келишим.

“Мистрал” классындагы кеме 16 тик учакты ташууга кудуреттүү, анын үстүнө десанттык 4 жеңил кеме, 13 согуштук танк, 100гө чукул машине жана 450 аскерди жайгаштырса болот.

XS
SM
MD
LG