Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Евробиримдик Кыргызстанга 184 млн. евро берүүнү чечти


Бул алдыдагы беш жылда Кыргызстандагы демократиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүүлөрдү алдыга жылдыруу максатында берилмекчи. Мындан тышкары 10 млн. евро өлкөдө шайлоо системасын реформалоого жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө бөлүнөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 25-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевге Брюссель сапары тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Абдылдаев Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусуна арналып, жакында Брюсселде өткөн кызматташтык кеңешинин отурумуна катышып келген.

Президент Евробиримдик менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG