Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыркагандарга гумжардам жөнөтүлдү


Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдө 14-ноябрда катталган жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул үчүн өкмөт 3,9 миллион сом бөлгөн. Тамак-аш, кийим-кече, курулуш материалдары, көмүр жүктөлгөн 26 жүк ташуучу унаа Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Гуманитардык жардамды Бишкектен жөнөтүүгө өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев катышты.

14-ноябрда Ысык-Көл облусунда жер титиреп, анын күчү очогунда, тескей тараптагы Кажы-Сай шаарчасында 7 баллга жеткен. Силкинүүдөн кийин жарандардан турак-жайы жабыркаганы тууралуу 2314 арыз түшкөн. Алардын ичинен 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерилип, ар кандай даражада жабыркаганы аныкталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG