Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Чек арада жыл башынан бери 40 чыр-чатак катталды


Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын коңшулар менен чек арасында 40 окуя катталды. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, алардын 32си кыргыз-тажик тилкесинде орун алган. Чыр-чатактан каза тапкандардын жалпы саны 15 болгон, алардын үчөө кыргызстандыктар.

Чек ара чатактарынын чыгышына негизинен жер, суу талаш себеп болот.

Кыргызстан Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Өзбек жана тажик коңшулар менен чек ара толук такталып бүтө элек.

(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG