Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 04:17

Бишкектеги мыйзамсыз курулуш боюнча кылмыш иш козголду


УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Бишкектеги мыйзамсыз курулуш боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2009-жылы Бишкек мэриясы тарабынан «П-Х Лтд» компаниясына жети кабаттуу үйдүн курулушу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок аталган компания курулуш долбоорун одоно бузуу менен он кабаттуу үй курган. Буга борбордун мэриясы, Бишкек архитектурасы жана өкмөт алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция көз жумуп, эч кандай чара көргөн эмес.

Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголуп, териштирүү башталды. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG