Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

ИИМ “Клооптун” макаласы боюнча прокуратурага кайрылды


Ички иштер министрлиги “Клооп” интернет порталындагы жарыяланган “казак жихадчы балдары” аттуу макала боюнча прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, портал өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун лагеринде машыккан казак улутундагы балдар тууралуу макала жарыялаган. Ички иштер министрлиги бул аракетти экстремисттик топтун идеологиясын жайылтууга көмөктөшүү деп баалап, укуктук баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылды.

“Клооп” буга чейин бул макаланы алып коюу өтүнүчү менен Казакстандын Маалымат жана байланыш министрлиги кайрылганын, бирок интернет портал жетекчилиги аны орундатуудан баш тартканын жазып чыккан эле.

“Клооптун” негиздөөчүсү Бектур Искендер ИИМдин кайрылуусу тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына “Ички иштер министрлиги өз өлкөсүнүн журналисттерин коргоонун ордуна казак бийлигинин каарынан коркуп, бизди уруша баштады. Терроризмдин көйгөйлөрүн чагылдырууну “терроризмди пропагандалоо" катары түшүнүү үчүн кандай адам болуш керек экенин мен билбейм" деп жазып чыкты.

"Ислам мамлекети” радикал тобу өздөрүн казакстандыкпыз дешкен жаш балдардын аскердик машыгуулары тартылган тасманы 22-ноябрда интернетке жарыялаган. Тасмада ошондой эле алар куранды жана араб тилин үйрөнүп жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк ошол эле балдар жашыл түстүү кийимде колуна курал алып аскердик машыгуудан өтүп жатканы тартылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG