Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Фергюсон АКШдагы ажырымга көңүл бурдурду


Демонстранттар полиция унаасын оодарууда. Фергюсон, 25-ноябрь, 2014-жыл.
Демонстранттар полиция унаасын оодарууда. Фергюсон, 25-ноябрь, 2014-жыл.

АКШда ындыкара өспүрүмдү атып салган полицейдин акталышынан улам тутанган нааразылык акциялар өткөн түнү да уланды. Демонстрациялар негизинен тынч мүнөздө өттү. Бул окуя өлкөдө жалпы улуттук талкууларды күчөтүп, раса аралык мамиледеги чыңалууга көңүл бурду.

Демонстрациялар Фергюсондун өзүндө да уланганы менен өткөн түн мурдагыга салыштырмалуу тынч болду.

Фергюсон курамына кирген Миссури штатынын губернатору Жей Никсондун айтымында, азыр шаарчанын көчөлөрүн полицияга кошумча, Улуттук гвардиянын 2200дөй жоокери көзөмөлдөөдө:

- Адамдардын өмүрү жана мүлкү корголушу абзел. Бул жамаат тынчтыкка татыктуу. Биз аймактагы коопсуздукту кандай болбосун камсыздайбыз. Бул жамааттагы адамдардын жүрөктөрү ооруп турганын билем. Мен ошондой эле биз үчүн бул кырдаалга кантип келгенибизди жана аны кантип оңдоону түшүнүү да абдан маанилүү экенин билем.

Фергюсон - Сент-Луис шаарынын чет жакасында, калк курамында ындыкаралар басымдуулук кылган район.

Демонстранттар талкалаган имараттын орду. 25-ноябрь, 2013-жыл.
Демонстранттар талкалаган имараттын орду. 25-ноябрь, 2013-жыл.

Аталган шаардын полиция башчысы Жон Бельмар билдиргендей, демонстрациялардын экинчи түнүндө 44 адам камакка алынды.

Миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы Нью-Йоркто өткөн түнү да болду. Лос-Анжелесте, шаар мэриясынын алдына жүздөгөн киши жыйналып, полиция менен үч сааттай тирешти.

Калифорниядагы Окленд, Жоржия штатындагы Атланта шаарларында нааразылык билдиргендер жол буушту. Тынч демонстрациялар башка шаарларда, анын ичинде Вашингтондо, Миннеаполисте, Портлендде да өттү.

18 жаштагы ындыкара өспүрүм Майкл Браундун өлүмү жана аны атып алган полицейдин соттук жюри тарабынан акталышы Кошмо Штаттарда жалпы улуттук талкууларды күчөтүп, раса аралык мамиледеги чыңалууга, полициянын курал колдонуу тактикасында маселе бар болгонуна көңүл бурдурду. Өлкө Сенаты Фергюсондогу кырдаалдан улам келерки айда жарандык эркиндиктер жана адам укуктары боюнча коомдук угуу өткөрөрүн жарыялады.

Актар менен ындыкаралардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн айтылуу Мартин Лютер Кингдин кызы Бернис Кинг мындай дейт:

- Атам айткандай, биз ар-намыс менен тартиптин жогорку деңгээлинде аракеттенүүнүн ыкмасын табышыбыз абзел. Сөз бул жерде адам өмүрү жөнүндө жүрүп жатат. Биз укук коргоо мекемелери менен жамааттар ортосунда алаканы жакшыртуунун жолдорун издешибиз зарыл. Мындан да маанилүүсү биз ошондой эле көп жаштардын өмүрүн кыйган өлүм маданиятын токтотушубуз керек.

2008-жылы АКШда президенттикке Барак Обаманын шайлануусун көптөр өлкөдөгү расалык ажырымды жоюу жолундагы бурулуш учур, дискриминациянын артта калышы катары санашкан. Бирок Фергюсондогу окуялар афро-америкалыктарда экономикалык жана саясий жактан терең изоляцияда калгандыктын сезими бардыгын ачыктагандай болду.

Президент Барак Обама кечээ Чикагодо анын иммиграция планын колдоого арналган жыйында Фергюсондогу окуяларга токтолуп:

- Биз күбө болгон көңүл калуу конкреттүү бир инцидент жөнүндө эле эмес. Биздин мыйзамдар ар убак адилет жана бирдей ишке ашырлбаганын сезген түстүүлөрдүн көптөгөн жамааттарында мунун тамыры терең.

Обама өз сөзүндө ошондой эле имараттарга, автоунааларга өрт коюп, мүлктү талкалоону, адамдардын өмүрүн коркунучка такоону актоо мүмкүн эместигин да кошумчалады.

Вашингтондогу нааразылык акциясы. 25-ноябрь, 2014-жыл.
Вашингтондогу нааразылык акциясы. 25-ноябрь, 2014-жыл.

Баяндмачылардын пикиринде, Фергюсондун көйгөйү - полиция менен калк ортосунда ажырым абдан тереңдигинде. Бул өз кезегинде элде полицияга ишенбөөчүлүктү жаратууда.

АКШнын каттоо бюросунун эсептери боюнча, ындыкаралар шаарча калкынын 67% түзөт. Ошол эле учурда шаарды тейлеген 53 полицейдин үчөө гана афро-америкалыктар. Шаардын өкмөтү да негизинен актардан турат. Мэрдин өзү, шаардык кеңештеги алты депутаттын бешөө актар.

Миссуринин Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, өткөн жылы Фергюсондо жолдо жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн 86%, тинтүүлөрдүн 92%, камакка алуулардын 93%на ындыкаралар кириптер болгон.

Фергюсондогу расалык ажырым бул окуяга карата өлкө боюнча ындыкара жана ак түстүү калктын баа берүүсүнөн да байкалган.

Вашингтондогу Пью иликтөө борбору августта алгачкы тополоң чыккан учурда жүргүзгөн сурамжылоодо Фергюсондогу окуялар расалык проблемага байланыштуу деген турумду суралган афро-америкалыктардын 80%, актардын 37% карманган. Тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүнө ындыкаралардын 18% эле ишеним билдирсе, актардын 52% ишеним көрсөткөн.

Ок аткан ак түстүү полицей Даррен Уилсонго айып тага тургандай негиз жок деген чечимди соттук чоң жюри чыгарган.

Чоң жюри - АКШнын укук коргоо системасында соттук жараянга чейинки баскыч. Ал айыпкердин ишин сотко өткөргүдөй себеп бар -жогун аныктайт.

Даррен Уилсондун ишин Фергюсон курамына кирген Сент-Луис округунун чоң жюриси караган. Жюринин курамындагы он эки адамдын тогузу ак америкалыктар, үчөөсү афро-америкалыктар.

Алар чечимди үч ай ичинде 25 ирет жолугуп, 60тай күбөнүн, эксперттердин көрсөтмөсүн уккан соң кабыл алган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG