Мунун ичинен 64 миңден ашуун жаран Бишкек шаарынын тургундары. Жалпы Кыргызстан боюнча жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуучу 830 түйүн иштөөдө. Биометрикалык маалымат чогултуу өнөктүгү Бишкекте 20-октябрдан, аймактарда 10-октябрдан тарта башталган.
Жарандардан биометрикалык маалымат топтогондон кийин электрондук биометрикалык паспорт берилет. Электрондук-биометрикалык паспорт - адамдын өздүгүн тастыктоочу документ. Ага чип орнотулуп, чиптин ичине биографиялык маалымат менен кошо 3Д форматтагы санарип сүрөтү киргизилет. Аны банк карточкасы жана башка максаттарда да колдонсо болот.(ZKo)