Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

ИИМ маалымат каражаттарына эскертме берди


ИИМ экстремисттик жана террордук мүнөздөгү маалыматтарды таратууда маалымат каражаттарына эскертме берди

ИИМ басма сөз каражаттарына ар кандай маалымат таратууда анын коомго тийгизүүчү пайда-зыяны редакциянын жана журналисттин жоопкерчилигинде болот деп билдирет. Ошондой эле эскертүүдө айрым маалымат каражаттары өздөрүнүн таасирин күчөтүү үчүн кээ бир учурларда аргасыздан экстремисттик-террористтик уюмдардын өнөктөшү болуп калышат деп жазылат.

Ошондой эле милициянын эскертүүсүндө Кылмыш кодексинин 226-беренесине ылайык, экстремисттик-террористтик чакырыктар ташталган маалыматтарды тараткан басма сөз каражаттары мыйзам алдында жоопкер экени, ал эми “Терроризмге каршы күрөшүү” тууралуу мыйзам боюнча мындай басылмалар жана журналисттер терроризмге колдоо көрсөткөн катары жоопкерчиликке тартылышарын эскерткен.

Ички иштер министрлиги бул эскертмесинин алдында “Клооп” интернет порталындагы жарыяланган “казак жихадчы балдары” аттуу макала боюнча прокуратурага кайрылды. Маалыматка ылайык, портал өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун лагеринде машыккан казак улутундагы балдар тууралуу макала жарыялап, ага тасманы тиркеген. Ички иштер министрлиги бул аракетти экстремисттик топтун идеологиясын жайылтууга көмөктөшүү деп баалап, укуктук баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылды.

“Клооп” интернет порталынын кыргыз кызматынын кабарчысы Элмурат Ашыралиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, буга чейин бул макаланы алып коюу өтүнүчү менен Казакстандын Маалымат жана байланыш министрлиги кайрылган. Бирок интернет портал жетекчилиги аны орундатуудан баш тарткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG