Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

Ооган кыргыздарына гумжардам жеткирилди


Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн 22 кишиден турган топ барып келди. Делегацияны эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов жетектеп, курамында Жогорку Кеңеш депутаттары, журналисттер, дарыгерлер болду. Алар Ооган кыргыздарына алты жүк ташуучу унаага жүктөлгөн тамак-аш жана дары-дармек жеткиришти. Бул үчүн өкмөт 3 миллион сом бөлгөн. Мындан сырткары бир катар ыктыярдуу жарандар да кошумча кылды. Жолугушууда ооган кыргыздары өкмөттөн балдарын Кыргызстандагы мектеп-интернаттарга жайгаштырууга жардам беришин өтүндү.

Топтун курамындагы Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун айтымында, Тажикстандын чек арасынан өтүүдө бир топ кыйынчылык жаралды. Депутат бул багытта Тышкы иштер министрлиги тиешелүү чара көрбөгөнүнө нааразылыгын билдирди.

Буга чейин Ооганстандагы Памир кыргыздарынын өкүлдөрү кыргыз бийлигинен жардам сураган. Алар Памирдеги катаал аба ырайы, жашоо-шарттын начардыгы жана медициналык жардамдын жоктугу ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болгонун айтып, ооган кыргыздарына тамак-аш, кийим-кечеден жардам берүүнү айтып келген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG