Линктер

бейшемби, 23-март, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Сүлүктүдө шахтада ууланган төрт адам ооруканага түштү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сүлүктүдөгү шахтадан жалпысынан жети адам ууланып, алардын төртөө ооруканага түшкөн. Учурда эки адам реанимацияда жатат. Кырсыктын себептери териштирилүүдө.

Буга чейин Баткендеги шахталарда коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан улам ар кыл кырсыктар катталып, адам өмүрүнө зыян келген учурлар болгон. (JsA/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG