Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Парламент оң рулдуу унаа алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин кароодо


Жогорку Кеңеш депутаттары Кыргызстанга оң рулдуу унаа алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркуловдун айтымында, өлкөдө мындай машиналардын саны жыл сайын артып баратат. Учурда Кыргызстанда 1 миллион 73 миңден ашык автоунаа болсо, анын 15 пайызын оң рулдуулар түзөт. Ал эми былтыр өлкө аймагындагы жол кырсыктарынын 40 пайызына оң рулдуу автоунаалар катышкан. Мындан улам ИИМ рулу оң жактагы машиналарды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну сунуштап жатат.

Буга чейин мыйзам долбоорду парламенттеги тиешелүү комитет жактырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG