Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Бажы биримдигине кошулуу боюнча мыйзам долбоор жактырылды


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча он мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды. Анда негизинен бажы жана салык төлөмдөрүн Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташтыруу каралган. Буга чейин Жогорку Кеңеш бул жаатта 16 мыйзамды кабыл алган болчу.

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулганга чейин 100гө жакын укуктук-нормативдик актыны биримдиктин шартына ылайыкташтырышы зарыл.

Өткөн аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулушу тууралуу маселе 23-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында караларын маалымдаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG