Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Кабулдагы Британия элчилигине чабуул жасалды


Кабулдагы Британиянын элчилигинин жанындагы жардыруудан 5 адам набыт кетип, отуздан ашыгы жарадар болду. Курман болгондордун арасында Британиянын жараны да бар. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Британ Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, өкүлчүлүктүн бир нече кызматкери ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алышты.

Полициянын акыркы маалыматы боюнча, имараттын жанындагы дипломаттык автоунааны жардыруучу зат жабыштырылган башка унаа сүзгөн. Терактты жанкечти ишке ашырган.

Чабуулга жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы алды.

Дүйшөмбүдө Кабулдагы жанкечтинин жардыруусунан АКШнын эки аскер кызматкери набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG