Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Электр бөлүштүрүүчү компаниялардын реформасы үч жолду караштырууда


Кыргызстанда электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды реформалоо жаатында үч жол каралууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди. Анын айтымында, акыркы чечим жылдын аягына чейин кабыл алынат.

- Биринчиси - баарын бириктирүү, экинчиси - ушу бойдон калтырып, менеджментин күчөтүү жана үчүнчү вариант - ар бир облуска өзүнчө ачып, өзүн өзү каржылоо ыкмасына өткөрүү, - деди Баетов.

Баетовдун айтымында, электр энергиясын жоготуунун жалпы деңгээли былтыркыга салыштырганда 1 пайыз төмөндөп, быйыл 15 пайызды түзүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ГЭС өндүргөн электр энергиясын керектөөчүлөргө жеткирүүчү үч бөлүштүрүүчү компания бар. Алар - "Түндүкэлектр", "Ошэлектр" жана "Чыгышэлектр".

Энергетика тармагындагы эксперттер өлкө үчүн мынча сандагы бөлүштүрүүчү ишкана болушу ашыкча деген көз карашын айтып келет.

Кечээ өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев энергетика тармагындагы коммерциялык жоготууларды уурулук деп атап, коррупция менен күрөшүү боюнча реформа үчүн тиешелүү жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартыларын эскерткен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG