Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

Украина парламенти Арсений Яценюкту премьер-министр кылып бекитти


Көпчүлүк добуш менен Украина парламенти Арсений Яценюкту премьер-министр кылып бекитти.

27-ноябрдагы биринчи отурумунда Жогорку Рада премьер-министрдин мурдагы орун басары Владимир Гройсманды парламенттин спикери кылып шайлады.

Бейшембиде Раданын биринчи отурумунда беш фракциядан турган көпчүлүк коалициясы түзүлдү.

Ага “Петро Порошенконун блогу”, Элдик фронт”, “Самопомич” “Олег Ляшконун радикалдык партиясы” жана “Батькившина” партиялары кирди.

Украинада 26-октябрда Жогорку Радага мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон. Ага 29 партия катышып, жеңишке батышчыл көз караштагы беш партия жетишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG