Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Ооганстанда он беш аткаминер уурдалды


Жергиликтүү бийликтин айтымында, бери дегенде 15 өкмөттүк аткаминер өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз аймагында уурдалды.

Провинция губернаторунун маалымат катчысы Абдул Васай Базель кабарлагандай, Шерхан Бандар бажы бөлүмүнүн кызматкерлери Кундуз чөлкөмүн текшерүү үчүн баратышкан.

Анын айтымында, учурда аткаминерлерди жеткирип бараткан автоунаанын айдоочусу талиптер менен байланышы бар болушу мүмкүн деп шектелүүдө.

Полиция бул мурдатан ойлонулуп жасалган кылмыш экенин жана учурда барымтадагыларды куткаруу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Учурда бир да экстремисттик уюм окуя боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG