Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Муратбек Рыскуловго 105 жыл


Буга байланыштуу Бишкекте Кыргыз эл артисти Муратбек Рыскуловдун 105 жылдыгына арналган көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмө борборлоштурулган китепканада “Улуттук сахнанын улуу устаты” деген аталыш менен уюштурулууда. Анда Муратбек Рыскуловдун өмүрү-чыгармачылыгына арналган китептер, сүрөттөр, документтер жана түрдүү макалалар коюлган.

Кыргыз эл артисти Муратбек Рыскулов 1909-жылы Жумгал районундагы Кайырма айлында туулган. Карапайым элден чыккан таланттуу артист 40 жылдан ашык чыгармачылык ишмердигинде театрда жана кинодо жараткан образдары менен элинин эсинде калды. Рыскулов кыргыз, орус жана чет элдик классиктердин каармандарын ойноп, Тейитбек, Городничев, Король Лир сыяктуу образдарды мыкты жараткан. Ошондой эле “Алыскы тоолордо”, “Салтанат”, “Уркуя” ж.б. тасмаларда ойногон. Муратбек Рыскулов бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен бирге СССРдин Эл артисти наамына да татыган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG