Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Оппозиция өкмөттүн энергетика саясатын айыптап, элди митингге үндөдү


Улуттук oппозициялык кыймыл өкмөттүн 1-декабрдан тарта электр жана жылуулук энергиясына бааны көтөрүү саясатын кескин айыптап бүгүн элге кайрылуу жолдоду. Казакстан менен энергияны сатуу - сатып алуу боюнча жүргүзүп жаткан ишин “кымбатчылыктан кыйналган карапайым калкка каршы багытталган кылмыштуу саясат” деп атады.

Кайрылууда “Атамбаевдик бийлик «ширшовдук-артыкбаевдик» коррупциялык схемаларды жоё албай, энергетикадагы коммерциялык жана өндүрүштүк жоготууларды токтоткон эффективдүү менеджмент киргизе албагандын айынан улуттук энергетика тармагын оор кризиске батырды” деп айтылат.

Оппозиция өкүлдөрү элди мыйзам чегинде нааразылык акцияларды уюштурууга чакырды.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 26-ноябрда өткөргөн жыйында электр энергиясынын коммерциялык жоготуулары боюнча абалды уурулук деп атап, кырдаал оңолбосо тиешелүү жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Ал эми энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов 27-ноябрда “Азаттыкка” маегинде электрди уурдоо сыяктуу көрүнүш менен күрөшүү үчүн инспекторлордун маянасына кошумча кызыктыруучу акча төлөнмөйүнчө абалдан чыгуу дээрлик мүмкүн эмес экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG