Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

USAID Кыргызстанда СПИДге каршы акция өткөрүүдө


1-декабрь - СПИДге каршы дүйнөлүк күндү утурлай АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Кыргызстанда бир катар акция уюштурууда.

АКШ элчилигинен кабарлашкандай, бүгүн Ысык-Көл облусунда беш айдан бери өткөрүлүп келаткан маалымат өнөктүгүнүн жыйынтыгы чыгарылууда. 17-ноябрда Ошто башталган кампания Жалал-Абад жана Бишкекте уланат.

Кыргызстанда бул айыккыс илдетке чалдыккандардын саны бүгүнкү күндө 5,5 миң киши. Бирок бул расмий каттоого алынгандар гана, андыктан чыныгы көрсөткүч мындан да көп экенин дарыгерлер айтып келет. Адамдын иммундук системасын талкалаган бул вирусту жуктургандардын көбү - ийне сайынган баңгилер жана жыныстык жашоосун көзөмөлдөбөгөндөр.

Алгач ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат мындан 35 жыл мурда чыккан.

USAID уюмунун жардамы менен өткөрүлгөн өнөктүктүн алкагында айыл тургундарына ВИЧтин жугуу жолдору, андан сактануу ыкмалары, СПИДге чалдыккандарга карата мамилени оңдоо тууралуу кеңири маалымат берилди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG