Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Канжар Кадыралиев кармала элек


Кылмыш иши козголгон Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевди издөө иштери уланып жатканын “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Анын айтымында, Кадыралиев туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келбей жатат жана учурда кайда экени белгисиз.

Башкы прокуратура буга чейин Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болууда. Бирок Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын билдирип келет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG