29-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын жок. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2,
Таласта түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...+1,
Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 0…2 градус болот.