Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:38

Чеченстандагы согуштун 20 жылдыгына арналган конференция өтүүдө


Бүгүн Москвада "Чеченстан согушу: саясый катачылыктар жана аскердик кылмыштар" деген темада конференция өтүүдө. Аны "Яблоко" партиясы уюштурду. Конференция биринчи чечен согушунун 20 жылдыгы жана экинчи согуштун 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.

Иш-чара алкагында «Чеченстан - Украина: Жаңы согуш, эски каталар» деген аталыштагы фотокөргөзмө да өтүүдө. Анда чечен согуштарынын жана азыр Украинада жүрүп жаткан орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк аскерлердин согушунун фотохроникасы камтылган.

Талкууга белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, Чеченстандагы согуштарга катышкан аскер кызматкерлери, журналисттер жана Украинадагы азыркы жаңжалдын күбөлөрү катышып жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG