Чаткалдагы Кассан сурма кенин иштетүү боюнча аукцион өттү. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аукционго төрт компания катышты. Жыйынтыгында «Терек-Сай жаштары» ишканасы кенди иштетүү укугуна ээ болду. Бул компания кен үчүн 4 миллион 521 миң доллар сунуштады.
Кассан сурма кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Чаткал тоо кыркасында жайгашкан. Кендеги сурманын запасы 39 087 тоннаны түзөт деп эсептелген. (BkA)