Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Украинанын Орусия боюнча доо арыздары эл аралык сотто каралууда


Страсбург шаарындагы Адам укуктары боюнча Европа соту Украинанын Крым жана Донбасстагы окуяларга байланыштуу Орусияга каршы берген доо арызын кароодо.

13-мартта берилген биринчи арызда украин өкмөтү Орусияны Крым автоном республикасынын жана өлкөнүн чыгышындагы куралчан жикчил топтордун үстүнөн көзөмөл орнотуп алды деп айыптаган. Ал эми 3 айдан кийин берилген экинчи арызда орусиячыл жикчилер Украинанын чыгышында балдарды кармап алып Орусияга жөнөткөнү тууралуу айтылган.

Cтрасбургдагы сот орус тарапка жогоруда аталган маселелер боюнча өз позициясын билдирүү үчүн 16 жума убакыт берди. (RK)

XS
SM
MD
LG