Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Орусияда доллардын курсу 50 рублден ашты


28-ноябрь, жума күнү кечинде Москвадагы биржада доллар менен евронун курсу жаңы рекорд койду. 1 АКШ доллары 50 рублден ашып, евро 62 рублден жогорку чекке чыкты.

Ал эми Центробанктагы расмий курс боюнча, 1 доллар 49,3 рублга, евро 61,4 рублга барабар.

Бул көрүнүш мунайга болгон баа кескин төмөндөп жатканда жүз берүүдө.

Орусиянын экономика жана өнүгүү министри Алексей Улюкаев Биринчи каналга берген маегинде, мунайга болгон баанын кескин төмөндөшү жана анын артынан рубль кунунун арзандашы менен дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун билдирүүдө. Анын оюнча, эл азыр колундагы рублин долларга алмаштырбаганы оң.

Бул арада орусиялык экономисттер мунай канчалык арзандаган сайын доллар көтөрүлүп,келечекте ал 50-55 рублга чейин барышы мүмкүндүгүн боолголошууда.

Кыргызстанда 1 орус рубли 1 сом 20 тыйынга бааланууда.

XS
SM
MD
LG