2014-жылдын 29-ноябрынан 1-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары), унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.
30-ноябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9 ...-14, күндүзү -2...+3;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9 ...-14, күндүзү -2...+3;
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүзү 0...+5;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүзү 0...+5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүзү 0...5;
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүзү 0...-5;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21...-26, күндүзү -6...-11.
30-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен туман капташы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -9…-11 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2 градус жылуу болот.