Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Мубарактан адам өлтүрүү боюнча айып алынды


Египет соту бүгүн, 29-ноябрда экс-президент Хосни Мубарактан демонстранттарды өлтүрдү деп, 2011-жылы койгон айыбын алып салды. Ушул эле иш боюнча айыптар мурдагы коопсуздук кызматтарынын жети аткаминеринен, анын ичинде экс-ички иштер министри Хабиба аль-Адлиден да алынды.

Ушул эле күнү сот Мубаракты коррупция боюнча да актады. Ошого карабастан, экс-президент камакта кала бермекчи. Анткени, ал коррупцияга байланышкан башка бир иш боюнча үч жылдык абак мөөнөтүн өтөп жатат. 86 жаштагы Мубарак өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Хосни Мубарак 2011-жылы жалпы элдик толкундоолордун арты менен тагынан айрылган. Аны ошол толкундоолор учурунда демонстранттардын өлүмүнө себепкер деп 2012-жылы өмүр бою абакка кесишкен. 2013-жылдын январында апелляциялык сот процессуалдык эреже бузуу катталган деп таап, ал чечимди жокко чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG