Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

“Коопсуз шаар” боюнча тендердин үчүнчү айлампасы өтөт


Тендердик комиссия 29-октябрдагы жыйынында тандап алган беш компаниянын сунуштары эртең каралат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Коопсуз шаар” долбоору өлкөдөгү Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол жолуна видео көзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да орнотулат.

Долбоордун биринчи турунда сегиз компания документтерин тапшырган. Аларын арасында Кыргызстандан үч, Кытайдан эки, Түркия, Израил, Молдовадан бирден компания катышкан.

Кыргыз өкмөтү эки жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай келет. Болжол менен ага 43 миллионго жакын доллар керек. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG