Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Молдовада парламенттик шайлоо өтүп жатат


Бул шайлоо эки саясий күчтүн жарышы экенин, ошол эле кезде ал Молдова бийлигинин болочок багытын аныктоочу тандоо болорун айтышууда. Негизги кармаш Орусия башындагы Бажы биримдиги менен жакындашууну жактаган күчтөр менен Молдованын Европага ыктаган башкаруучу коалициянын ортосунда болот.

Өлкө боюнча үч миллиондон ашык жаран добуш берүүгө укуктуу. Алар 101 депутатты төрт жылга шайлашат. Парламентке 19 партия, бир блок жана төрт эркин кандидат ат салышып жатат.

Шайлоо алдында БШК "Патрия" партиясын шайлоодон четтеткен. Жогорку Соттун палатасы аталган партияга чет өлкөдөн мыйзамсыз каржыланып турган деген айып такты. Анын лидери, орусиялык ишкер Ренато Усатый Молдовадан чыгып кетти. Шайлоого үч миңден ашык эл аралык уюмдар байкоо салууда.

Молдова Европадагы жарды өлкөлөрдүн катарына кирген мамлекет. Аны 2009-жылдан бери батышчыл коалициялык партия жетектеп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG