Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Орусиянын бир нече шаарында медицина кызматкерлери митингге чыгат


Орусиянын Москва шаарында “Жеткиликтүү медицина үчүн” деп аталган нааразылык акциясы башталды. Митингге чыккандар ооруканалардын, медициналык жайлардын жабылышына, дарыгерлердин кыскартылышына каршы болуп, медицина кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууну, медициналык жардамдын сапатын жакшыртууну талап кылышууда. Уюштуруучулардын айтымында, акцияга бир жарым миңдей киши келээри күтүлүүдө.

Ушундай эле акция Орусиянын Санкт-Петербург, Ижевск, Астрахань, Екатеринбург, Калининград, Тула, Чита, Пермь, Нижний Новгород жана Казан шаарларында башталары күтүлүп жатат.

Жакында массалык маалымат каражаттарында бийлик айрым медициналык жайларды жабышы мүмкүн экенин кабарланган. Ал эми rusmedserver.com сайтында 28 медициналык жайдын иши токтоп, кызматкерлери жумуштан бошотулганы жазылган. Бош калган имараттар кандай максатта колдонулары азырынча белгисиз.

Айрым басылмаларда медицина кызматкерлер этап-этабы менен кыскартылары, ооруканаларда реформа жүрүп жатканы айтылат.

Бир нече апта мурда жүздөгөн медицина кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышкан. Шаар бийлиги жумуштан бошогон кызматкерлерге компенсация төлөп берээрин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG