Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

Жалал-Абадда жол кырсыгы 13% өстү


Быйылкы жылы облуc аймагында 622 жол кырсыгы катталып, андан 140 адам каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кайгуул кызматынын башчысы Кудайберди Мусалиев билдирди.

Үстүбүздөгү жылы эки миңге чукул жаран жол кырсыктарынан алган жаракаттарынан улам ооруканага кайрылышкан.

«Адам өмүрүн алган факты азайды, бирок былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы 13% өсүп кетти” дейт Мусалиев.

Кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгү 35 жашка чейинки курактагы оң рулдуу автоунаанын ээлери болууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG