Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Аксыдагы жаштар тобу Ринжит каналы боюнча президентке кайрылат


Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнда быйыл 20-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ишке берилген Ринжит каналына суу келе элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдык кеңештин депутаты, жаш активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди. Анын айтымында, канал курууда кемчиликтер болуп, пайдаланууга берилбей турат. Райондогу жаштар тобу бул маселеге мамлекет башчы көңүл бурушу зарыл экендигин билдирип, кайрылуу жасашмакчы.

Аталган каналдын курулушу 1996-жылы башталган. Бир жылдан кийин “казуу иштери плансыз жүрүп жатат” деген негиз менен токтотулган. 2010-жылы курулуш кайра жанданып, мамлекеттик бюджеттен 441 миллион сом бөлүнгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG