Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

“Коопсуз шаар” боюнча тендердин үчүнчү айлампасы өтөт


Тендердик комиссия октябрда тандап алган беш компаниянын сунуштары бүгүн, 1-декабрда каралат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер август айында жарыяланган. Ага сегиз компания документтерин тапшырган. Арасында Кыргызстандан үч, Кытайдан эки, Түркия, Израил, Молдовадан бирден ишкана бар. Тандоонун биринчи жана экинчи айлампасы октябрда өткөн.

"Коопсуз шаар” долбоору Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол жолуна видео көзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да коюлат.

Эки жылдан бери ишке ашпай келаткан долбоорго болжол менен ага 43 миллионго жакын доллар керек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG