Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

Гонгконгдо полиция менен активисттер кайра кагылышты


Демократ активисттер 1-декабрга караган түнү Гонконгдогу өкмөт үйүн курчоого аракет кылган учурда полиция менен кагылышты. Беш киши камакка алынды. Нааразылык акциясына чыккандар бир нече жумадан бери демократиялуу шайлоо эрежелеринин сакталышын талап кылып келатышат. Полиция дубинка жана жаш агызуучу газды колдонууда. Катышуучулар акциянын символу катары колчатыр кармап алышкан.

Демонстранттар аларды Гонконг администрациясына талапкерлерди тандоо укугунан ажыратпоо талабын коюп жатышат. Ал эми Кытай өкмөтү жогорку административдик кызматка талапкер сунуштоо укугун башкаларга бергиси келбейт. Гонконг жетекчисин шайлоо 2017-жылы өтөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG