Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Өзбекстанда бир кыргыз жараны тыңчылыкка айыпталып, он жылга кесилди


Кыргыз-өзбек чек арасына тартылган зым тикен.
Кыргыз-өзбек чек арасына тартылган зым тикен.

Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Баткен облусундагы Кадамжай районунун акими Акрамжан Мадумаров билдирди. Акимдин айтымында, жергиликтүү укук коргоо органдары Кадамжайдын тургуну Кубанычбек Эралиевди Өзбекстандын кошуна Фергана облусундагы райондук сот "чек араны мыйзамсыз бузган" жана "тыңчылык кылган" деген айыптар менен он жылга кескени тууралуу маалымат алган. Бирок азырынча өзбек тараптан расмий маалымат жок. Учурда райондук бийлик бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Район акиминин жеке пикиринде, Эралиевге тыңчылык боюнча айып тагылганы туура эмес жана бул айыпты айыпталуучу өзү да мойнуна албаганы айтылууда. Маалыматка караганда, Өзбекстандагы сотко кыргыз тараптан эч ким, а түгүл айыпталуучунун жакындары да катышкан эмес.

Кадамжайдын 41 жаштагы тургуну Кубанычбек Эралиев быйыл 2-майда кыргыз-өзбек чегинде өзбек чек арачылары тарабынан кармалган эле. Ал чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганы айтылып келген. Аны бошотуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. (SM)

XS
SM
MD
LG