Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Молдовадагы шайлоодо европачылдар алдыда баратат


Молдова -- Добуштар саналуу алдында, 30-ноябрь, 2014.
Молдова -- Добуштар саналуу алдында, 30-ноябрь, 2014.

Молдовадагы парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, европачыл партиялар алдыда баратат. Бирок бир да партия өз алдынча өкмөт кура албайт көрүнөт. Либерал-демократиялык, Демократиялык жана Либералдуу партиялар биригип добуштардын 44 процентин алышты.

Ушу тапта бюллетендердин 87 проценти саналып бүткөнү кабарланууда.

Орусиячыл социалисттик партияга 21,5 процент тийди. Коммунисттер менен бирге алар добуштардын 40 процентине ээ болушту.

30-ноябрдагы өнөктүккө шайлоочулардын 56 проценти катышты. Молдова өкмөтү Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишимге кол койгон жана шаркет менен визасыз режим тууралуу макулдашкан.

Орусиянын Молдовадан айыл чарба продукциясын импорттоого тыюу салышы өлкө экономикасына терс таасир тийгизди.

XS
SM
MD
LG