Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Пеленин абалы жакшырды


Футбол легендасы Пеле
Футбол легендасы Пеле

Футбол легендасы Пеленин абалы жакшырганы кабарланууда. Өткөн аптада 74 жаштагы бразилиялык футболчу бөйрөк оорусу менен ооруканага жаткырылып, диализге туташтырылган. Анын алдында бөйрөгүндөгү таштарды алып салуу боюнча операция жасалган. Догдурлар жекшембиде Пеленин саламаттыгы жакшырганын, бирок дагы эле реанимацияда жатканын айтышты.

Пеле Бразилиянын курамасынын катарында 1958, 1962 жана 1970-жылдары дүйнө чемпиону болгон. Футболдук карьерасында ал миңден ашык гол киргизген жана 1999-жылы Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан “жүз жылдыктын спортчусу” деген наамга татыган.

XS
SM
MD
LG