Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Депутат Төрөбеков жасалма диплом менен жүргөнү аныкталды


Депутат Нурлан Төрөбеков

Депутат Нурлан Төрөбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековдун жогорку билим тууралуу жасалма диплом колдонгону аныкталганын “Азаттыкка” бул иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ысымын ачык айтууну калаабаган мүчөсү билдирди. Анын айтымында, Нурлан Төрөбеков Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетке тапшырып, бирок кийин окуудан четтетилгени аныкталган. Мындан улам депутаттык комиссия өз бүтүмүн даярдады. Ал парламенттин 4-декабрдагы жыйынында каралмакчы.

Өткөн айда Башкы прокуратура "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдун жогорку билим алгандыгы тууралуу жасалма диплом колдонгону боюнча кылмыш иш козгогон. Мындан соң баш прокурор Аида Салянова депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган. Жогорку Кеңеш бул боюнча атайын комиссия түзгөн эле. Төрөбеков болсо өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG